У нас Вы сможете скачать новую песню Bakr, FREEMAN 996 - Алыска в mp3 и хорошем качестве 320 kbps бесплатно, а также слушать онлайн на сайте в своем плейлисте.

Текст песни Bakr, FREEMAN 996 - Алыска

Алып кач алыска менин жанымдасың, демек, бүгүн күн кыска;
Кунт коюп ук, кайталабайм, айтамын нуска колумду бекем карма, жолубуз узак биздин;
Көздөрүңдөн тынчтык издейм турганда суусап, болгондо куса ишен, бизде баары жакшы болот, Кудай буюрса;
Не болсо да болом сенин жаныңда cен жөн гана менин сезимдеримди;
Алып кач алыска бирок, суранамын, тийбе намыска;
Кубанамын көрүп калсам сени капыстан алыс кетип калсам көздөрүңдү сагынам;
Сени эстеп зарыгам, өзгөчөсүң баарынан мага жагат сенин кулк-мүнөзүң мага таарынган;
Табамын айласын барыш үчүн сенин жаныңа учуп алты миң чакырым барам сенин шаарыңа;
Сен мени күтүп, тосуп ал, кучак жайып кечир, мен оңолбоймун, менин жашоом – thug life;
Бирок сени менен келечекке үмүт бардай бир өзүңдү тандайм, максатымдан тайбайм;
Тосуп ал, кучак жайып кечир, мен оңолбоймун, менин жашоом – thug life;
Бирок сени менен келечекке үмүт бардай бир өзүңдү тандайм, максатымдан тайбайм;
Өзүмдүкүн бербейм, аны балакеттей эле билесиң го сени жолуктургандан бери эсим ооп;
Менин ойлорумда сенин элесиң го сенден башка мага бир да жандын кереги жок;
Алып кач алыска менин жанымдасың, демек, бүгүн күн кыска;
Кунт коюп ук, кайталабайм, айтамын нуска колумду бекем карма, жолубуз узак биздин;
Көздөрүңдөн тынчтык издейм турганда суусап, болгондо куса ишен, бизде баары жакшы болот, Кудай буюрса;
Не болсо да болом сенин жаныңда cен жөн гана менин сезимдеримди;
Жазгы алма бактай ачыласың – сен ырдай берем сен жөнүндө, абадай эле керексиң;
Булактай туптунук таза, аруу перимсиң сүйүүңдү тартуулап, булутка учура бересиң;
Миңдин бири – сен, деңизден дагы тереңсиң шамалдай алып качып, улам азгырып келесиң;
Сүзүп барат толкундарда биздин сүйүү кемеси сырлуу көз карашың "мени сүйөм" дегенсип;
Мойнума аламын, баарына мен жооп берем ойготуп кой, мүмкүн болсо, багымдатка таң эртеде;
Таң аткыча асмандагы жылдыздарды терет сен деп соккон жүрөк шамы өчпөй жана берет;
Махабатым айтып бүткүс Ала-Тоодой, аска зоодой сени карап моокум канбайт, сенсиз көңүл тойбойт;
Атайлап кылчайып, белин ийип, сезимдерди козгой айтчы, анан кантип жалгыз бир өзүңдү сүйбөй коём;
Алып кач алыска менин жанымдасың, демек, бүгүн күн кыска;
Кунт коюп ук, кайталабайм, айтамын нуска колумду бекем карма, жолубуз узак биздин;
Көздөрүңдөн тынчтык издейм турганда суусап, болгондо куса ишен, бизде баары жакшы болот, Кудай буюрса;
Не болсо да болом сенин жаныңда cен жөн гана менин сезимдеримди!

Комментарии

Помоги ресурсу - оставь свой отзыв о песне.
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
Комментариев еще нет. Вы можете стать первым!